• Башкы бет
  • Кабулдагы жардырууда жети адам өлүп, он киши жараат алды,-ЖМК
13:40, 2023-ж., 12-январь

Кабулдагы жардырууда жети адам өлүп, он киши жараат алды,-ЖМК

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Ооганстандын борбору Кабулда "Талибан" бийлигинин Тышкы иштер министрлигинин имаратынын жанында жардыруу болду. Al Jazeera кабарлагандай, 11-январда жанкечти өзүн жардырганда жети адам өлүп, он киши жараат алды.

"Талибандын" өкүлү Ахмадулла Муттаки террорчу министрликтин имаратына кирүүгө аракет кылганын, бирок коопсуздук кызматкерлери аны токтоткондо өзүн жардырып жибергенин билдирди. Бул күнү Кытайдын делегациясы Тышкы иштер министрлигинин имаратына барышы керек эле.

Былтыр декабрда Кабулда куралчан топ кытайлык ишкерлер турган мейманкананы аткылаганда беш кытай жараны жабыркаган. Андан кийин кытайлык инвесторлор Ооганстан менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн кайра карап чыгарын билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Афганистан

Комментарийлер

live comments feed...