• Башкы бет
  • Оштогу түнкү клубдагы чырка катыштыгы бар УКМКнын кызматкерлери иштен алынды
13:07, 2023-ж., 10-январь

Оштогу түнкү клубдагы чырка катыштыгы бар УКМКнын кызматкерлери иштен алынды

Сүрөт: Turmush.kg

Сүрөт: Turmush.kg

2023-жылдын 2-январында Ош шаарындагы «Sky Bar» оюн-зоок мекемесинде  УКМК кызматкеринин катышуусунда болгон окуя боюнча, УКМКнын Ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караган иликтөөнүн натыйжасында, коомдук тартипти бузгандыгы жана улуттук коопсуздук органынына шек келтиргендиги үчүн, бул окуяга катышкан улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтан алуу чечими кабыл алынган. 

Учурда бул факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында  Аскердик прокуратурасы тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...