Баткен: талкаланган беш медициналык мекеменин бирөөсү калыбына келтирилди

Баткенде, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги айылдарда талкаланган беш медициналык мекеменин ичинен бүгүнкү күндө бирөө калыбына келтирилип бүттү. Бул тууралуу “Ала-Тоо 24” телеканалына жыл жыйынтыгы боюнча курган маегинде саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди. Маектин видеосун министрлик 10-январда жарыялады
“Төрт фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), бир үй-бүлөлүк дарыгерлер (ҮБДТ) тобу жабыркаган. Бүгүнкү күндө бир ФАП “Ас-Сафа” фондунун жардамы менен 650 миңге курулуп бүттү, толук калыбына келтирилди. Калган ФАПтарыбызда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда АРИСтин жардамы менен иштер жүрүп жатат”.
2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон. Миңдеген адам үй-жайын таштап качууга мажбур болгон, алардын айрымдары коопсуздук маселесинен улам үйүнө кайта электиги парламентте бир нече жолу айтылган.
Комментарийлер