14:08
-ж., 29-февраль
Милиция "Зил" эс алуу борборунда Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун туусунун илинишин териштире баштады.
Бул тууралуу Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү 6-декабрда билдирди.
"Териштирүү учурунда аталган эс алуу борборунун жетекчиси, 74 жаштагы Р.А., аталган желекти алып койгонун айтып, аны өз ыктыяры менен тергөөгө тапшырып берди. Азыркы учурда бул факты боюнча соттук-теологиялык, соттук-трассологиялык экспертизалар дайындалып, күбөлөр такталып суралууда".
Милициянын маалыматында окуяга юридикалык баа бериле турганы белгиленген.
Буга чейин социалдык тармактарга "Зил" эс алуу борборунда мамлекеттердин туулары катар илингени, алардын арасында Шинжаң-Уйгур автономдуу районунун туусу турганы тартылган сүрөт тараган.
Комментарийлер