• Башкы бет
  • Бишкекте жаш баланын өлүмүнө байланыштуу кармалган дарыгерлердин иши боюнча маалымат берилди
14:15, 2023-ж., 2-январь

Бишкекте жаш баланын өлүмүнө байланыштуу кармалган дарыгерлердин иши боюнча маалымат берилди

Бишкекте жаш баланын өлүмүнө байланыштуу кармалган дарыгерлердин иши боюнча маалымат берилди

Бишкекте жаш баланын өлүмүнө байланыштуу дарыгерлердин кармалышы боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү маалымат берди.

Мекеменин маалыматында, 13-ноябрда ооруканага ичи ооруп түшкөн жаш бала каза болгон. 14-ноябрда бул иш боюнча, маркумду дарылаган дарыгерлердин үстүнөн териштирүү башталган.

«2022-жылдын 14-ноябрында саат 9:13тө «102» кызматына чалышып, шаардын борбордук өлүкканасына жаш баланын сөөгүн алып келишкенин айтышкан. Бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө башталган. Алгачкы териштирүүлөрдө маалым болгондой, ичи катуу ооруган баланы ооруканага 13-ноябрда саат 7:00дө алып келишкен. Ошол эле күнү баланы 12:30да башка оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Бала ал жерден эсине келбей чарчап калган» — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу беренеси менен иш козголгон. Атайын экспертиза дайындалып, анын корутундусу менен баланын өлүмүнө шектүү катары 6 жаран кармалган.

Кечээ, 1-январда Бишкекте Эне жана баланы коргоо борборунун беш дарыгери 10-январга чейин тергөө абагына камакка алынганы кабарланган эле. Дагы бир дарыгер үй камагына чыгарылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ленин РИИБ

Комментарийлер

live comments feed...