• Башкы бет
  • Министрдин орун басарына айып пул салынды
14:35, 2022-ж., 26-декабрь

Министрдин орун басарына айып пул салынды

Министрдин орун басарына айып пул салынды

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков мас абалында унаа башкарганы үчүн айыпка жыгылды. Бул маалыматты Милициянын кайгуул кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, 22-декабрга караган түнү инспекторлор тарабынан министрдин орун басарына тийиштүү делген унаа токтотулган. Наркологияда анын ичимдик колдонгону аныкталган. 

Мас абалында унаа башкарганы үчүн аткаминерге 17,5 миң сом айып салынып, «Лексус 330» унаасы айып жайга киргизилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...