• Башкы бет
  • Москвада кыргызстандыктардын уюшкан кылмыштуу тобу кармалды
13:13, 2022-ж., 9-декабрь

Москвада кыргызстандыктардын уюшкан кылмыштуу тобу кармалды

Москвада кыргызстандыктардын уюшкан кылмыштуу тобу кармалды

Москвада кыргызстандыктардын уюшкан кылмыштуу тобу ишкерлик менен алектенген мекендештеринен акча талап кылып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардан түзүлгөн уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.

«ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 36 жаштагы «Мырза» каймана аты бар Ош облусунда туулган  Т уулу М, жана Чүй облусунун «Роча» каймана атту 24 жаштагы Х.Р.  кармалды. Алар өз мекендештерин коркутуп, акча талап кылуу менен алектенип, Москва шаарында жана облусунда иштеген ишкерлерге көзөмөл уюштурууга аракет кылышкан», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда алардын ушул сыяктуу оор кылмыштарды жасоого катыштыгы бар-жоктугу текшерилүүдө.

Милиция пара талап кылуучулардан жапа чеккен Кыргызстандын жарандарын ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө +79268908700 телефону аркылуу байланышууну өтүнөт. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ИИМ

Комментарийлер

live comments feed...