• Башкы бет
  • Кара-Сууда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөргө жер тилкелери берилди
17:25, 2022-ж., 8-декабрь

Кара-Сууда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөргө жер тилкелери берилди

Кара-Сууда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөргө жер тилкелери берилди

Кара-Суу районунда кооптуу аймакта жашаган 36 үй-бүлөгө жер тилкелер берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Учкун айылындагы бул үй-бүлөлөр кооптуу аймакта жашап келишкен. Аларга тилкелер Өкмөттүн 2003-жылдын 23-апрелиндеги №289 токтомунун негизинде берилген.

«Мындай бир нече ай мурун Учкун айылынын тургундарынын жашоо шарты менен таанышкам. Жолугушууда жарандарыбызды кооптуу аймактан көчүрүүгө, жаңы жер тилкелерин берүүгө убада бердим эле. Бүгүнкү күндө убадабыз аткарылды. Мындан ары да колдоолор болот», — деген президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов.

Буга чейин Кара-Суу районунун Учкун айылынагы 36 үй-бүлө алты жылдан бери бул көйгөйлөрүн айтып келишкен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кара-Суу

Комментарийлер

live comments feed...