• Башкы бет
  • Кара-Кечеден мыйзамсыз көмүр ташыган жарандар кармалды
17:21, 2022-ж., 8-декабрь

Кара-Кечеден мыйзамсыз көмүр ташыган жарандар кармалды

Кара-Кечеден мыйзамсыз көмүр ташыган жарандар кармалды

Жумгал районунун Кара-Кече кениндеги эл үчүн атайын баасы арзан бөлүмдөн мыйзамсыз көмүр ташып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети 8-декабрда кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, “Саяк”, “Мики Чор” каймана аты бар К.М. жана Ж.М. аттуу кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү 1-декабрдын түнү “Кара-Кече” ишканасынын кызматкерлерин коркутуп, көмүр жүктөп кетишкен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

2021-жылы көмүрдүн баасы жогорулап, октябрь айында Министрлер кабинети үч айга көмүрдүн наркына мамлекеттик жөнгө салууну киргизген. Быйыл дагы бийлик элге ташыган көмүрдүн баасын 4000 сом деп аныктаган. Ал үчүн айдоочулар Кара-Кечеде көмүрдү арзан жана кезексиз жүктөшөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...