• Башкы бет
  • Киевдин тургундарына шаардан сыртта жашап туруу эскертилди
12:32, 2022-ж., 7-декабрь

Киевдин тургундарына шаардан сыртта жашап туруу эскертилди

Киевдин тургундарына шаардан сыртта жашап туруу эскертилди

Киевдин мэри Орусиянын ракеталык соккусунан улам электр энергиясы толугу менен өчүрүлүшү мүмкүн экенин эскертип, шаар тургундарын суу, тамак-аш жана жылуу кийим-кече камдап, мүмкүн болсо шаардан сыртта жашап турууга чакырды.

Калаа башчысы Виталий Кличко инфратүзүмдөр бузулгандыктан турак жайларга жылуулук берилбей калышы ыктымалдыгын эскертти.

Украинада 5-декабрда Орусиянын жапырт бомбалоосунан кийин электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.

Киев ал күнү Орусия 70 ракета учурганын, анын алтымышы атып түшүрүлгөнүн билдирди. Москва тарап мурда пландалган 17 объектини жок кылганын жарыялады.

Орус тарап аскердик объектилер бутага алынганын айтып жатат. Киев жана Батыш Орусиянын соккулары карапайым калкка жана жарандык инфратүзүмгө багытталганын белгилейт. Москва аны четке кагат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Украина

Комментарийлер

live comments feed...