14:33, 2022-ж., 1-декабрь

Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 2-декабрда түнкүсүн Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүйдүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл облусунун басымдуу аймактарында Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Жалал-Абад, Талас, Нарындын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында туман түшөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8;

Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8;

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;

Нарын облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;

Бишкекте 2-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз -1…+1 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...