14:21, 2022-ж., 1-декабрь

УКМК Жанар Акаевдин сөзүн төгүндөдү

УКМК Жанар Акаевдин сөзүн төгүндөдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан үн жаздыруучу жана видео жаздыруучу аппараттар табылбаганын кабарлады. 

Маалыматка караганда, атайын кызмат «Альянс» фракциясынын жетекчиси Жанар Акаевдин сөзүнөн кийин текшерүү жүргүзгөн.

«Жанар Акаев жеке өзү сөз болуп жаткан техниканы көргөн эмес. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы Э.Кадыровдон укканын айткан. Жабдуулар тууралуу ал депутат Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы — Э. Кадыровдон укканын айткан. Учурда Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМК аудио-видео жазуу жабдууларынын табылышы, атайын жабдууларды орнотуунун себебин жана ким тарабынан коюлганын аныктоо үчүн, ошондой эле Жамгырчиевдин таламдарын коргоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө даяр экендигин белгиледи.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##УКМК #Эмил Жамгырчиев

Комментарийлер

live comments feed...