10:43, 2022-ж., 29-ноябрь
41 билим берүү уюмуна эскертүү берилди

Кыргызстанда 41 билим берүү уюмуна лицензиянын талаптарын бузганы үчүн эскертүү берилди. Анын 17си медициналык окуу борборлору.
Быйыл 15-апрелден тарта билим берүү уюмдарындагы лицензиялык талаптардын сакталышы текшериле баштаган.
Билим берүү жана илим министрлиги, бүгүнкү күнгө чейин 60 мекемени текшерип, 41ине эскертүү берди.
Арыздардын негизинде пландан тышкары дагы үч билим берүү уюмунда текшерүү жүргүзүлгөн. Анда эки окуу жайга айып салынып, кийин бирөөсүнүн лицензиясы токтотулду.
Лицензиясыз иштеп жаткан дагы бир билим берүү уюмуна айып пул салынды.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:10
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер