• Башкы бет
  • Президент делегаттарды социалдык маселелерди эмес, орчундуу көйгөйлөрдү көтөрүүгө чакырды
16:22, 2022-ж., 26-ноябрь

Президент делегаттарды социалдык маселелерди эмес, орчундуу көйгөйлөрдү көтөрүүгө чакырды

Президент делегаттарды социалдык маселелерди эмес, орчундуу көйгөйлөрдү көтөрүүгө чакырды

Бишкекте өтүп жаткан элдик курултайдын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров делегаттардан мектеп, бала бакча, маданият үйлөрү жана спорт комплекстерин кеп кылбай, башка орчундуу көйгөйлөрдү айтып, сунуштарды берүүгө чакырды. 

«Кечээ күнү сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү мектептер жөнүндө, бала бакча, маданият үйлөрү, спорт комплекстер боюнча суранбадыбы. Бүгүн сүйлөөчүлөр ушул нерселерди кеп кылбай эле, башка орчундуу көйгөйлөрдү айтып, сунуштарыңыздарды берсеңиздер. Анткени мектептер менен бала бакчалар эң биринчи көңүл чордонубузда турган маселе. Биз кайсы айылга мектепти жаңыртышыбыз керек экенин билебиз. Мен келгенде 247 айылда мектептер жараксыз болчу. 60-70-жылдары курулган экен. Аларды четинен бүткөрүп отуруп, азыр 200 мектеп калды. Бүгүн да чыгып айтам дегендер ошол 200 айылдын ичине киресиздер. Кудай буюрса келе жаткан жылы бюджетке киргизебиз. Казынабыз көтөрө алса 200 мектепти бир эле жылда салып салат элек. Бирок көтөрө албайт экен. Ошондуктан жакынкы бир эки-үч жылдын ичинде мектеп деген көйгөйдү бүт бүтүрөбүз. Бир дагы айыл калбайт. Бала бакчаларды да билебиз. Маданият үйлөрүн кайсы жерге жаңысын салышыбыз керек, кайсы жердегини оңдошубуз керек экени көңүл чордонубузда. Ошондуктан убактыңыздарды ага коротпой, башка темадан анан сунуштарды, идеяларды айтсаңыздар», —деди Жапаров.

25-ноябрда Бишкекте элдик курултай башталган. Ага аймактардан барган миңден ашык делегат катышууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Элдик курултай #Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...