14:08
-ж., 29-февраль
УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов суракка чакыртылды. Ал социалдык тармактагы баракчасына УКМКга суракка чакыруу болгонун жазып калтырды.
"Үйгө келсем УКМКнын И.И. аттуу кызматкери конторага саат 21:00дө "баарлашууга" чакырды. Майыпты жашыруун жетекчиликке чакырышты", - деген ал.
Мурат Суталинов 2006-жылдан тартып 2010-жылдын 7-апрелине чейин коопсуздук кызматынын (УКМК) төрагасы болгон. Убактылуу өкмөт аны отставкага кетирген. Кийинчерээк Суталинов сот жообуна тартылып, 2019-жылы ден соолугуна байланыштуу абактан чыгарылган.
Тагыраагы, 2012-жылы жазында Суталинов онкологиялык илдет менен жабыркап жатканы аныкталган.
Комментарийлер