• Башкы бет
  • К. Ташиев: Айрым депутаттарга козголгон кылмыш иштер бар
14:57, 2022-ж., 24-ноябрь

К. Ташиев: Айрым депутаттарга козголгон кылмыш иштер бар

К. Ташиев: Айрым депутаттарга козголгон кылмыш иштер бар

Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Элвира Сурабалдиеванын кысым тууралуу айткандарына жооп берди.

Ал депутаттын жакындарына тийиштүү делген Бишкектеги «Кудайберген» базары мамлекетке ири суммада салык төлөбөй койгонун айтты.

«Депутаттын өзүнүн, бир туугандарынын «Кудайберген» деген базары бар. Ал жерде 300дөн ашык контейнер бар. Ошол контейнерлерде ар бир адамдан 2-3 миң сомдон жыйнадык деп отчет беришет, бирок эң аз 7 миңден 15 миң сомго чейин чогултушат. Муну Салык кызматы эсептеп чыгап, «Кудайберген» базары 70 миллион сомдой акча төлөбөй койгону аныкталган. Бул боюнча акт түзүлгөн. Булар аны төлөөгө милдеттүү. Бул элдин, мамлекеттин акчасы. Анан депутатмын деп эле ушул трибунадан туура эмес малымат таратканды токтотуш керек. Биз эч кандай мыйзамсыз мамиле кылбайбыз» — деди Ташиев.

Ал мындан сырткары башка депутаттарга козголгон иштер бар экенин, кээ бирлерине оор кылмыштарга байланыштуу иштер дайындалып, экспертизалар чыгып жатканын жарыялады.

«Жакында Башкы прокуратура иш козгой турган болсо, дагы айтып чыкпагыла, азып айтып коеюн. Тергөө маалында ал кылмыштар такталбаса, ошого жараша чечим кабыл алынат» , — деди Ташиев.

УКМК жетекчиси Сурабалдиевага кайрылып, эгер дооматы болсо Салык кызматына айтууну, салыктарды төлөөгө чакырды.

Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимге каршы добуш берген депутаттарга коркутуу болуп жатканын айтты.

Ал төрага Нурланбек Шакиев эл өкүлдөрүн коргой албай жатканын сындады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##К. Ташиев #Э. Сурабалдиева

Комментарийлер

live comments feed...