• Башкы бет
  • Кыргызстандын туңгуч муфтийи дүйнө салды
11:34, 2022-ж., 23-ноябрь

Кыргызстандын туңгуч муфтийи дүйнө салды

Кыргызстандын туңгуч муфтийи дүйнө салды

Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановдун жаназасы бүгүн, 23-ноябрь күнү түшкү намаздан кийин Бишкек шаарындагы «7 апрель шейиттери» мечитинде окулат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Кимсанбай Абдурахманов 82 жашында дүйнө салды.

Кимсанбай Абдурахманов 1940-жылы Өзбекстандын Фергана облусундагы Жанабад айылында кыргыз үй-бүлөдө туулган. Мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесине кирген. 1976-1980-жылдары Иорданиядагы Үрдүн мамлекеттик университетинин Шарият факультетин аяктаган. 1990-1992- жылдары Кыргызстан мусулмандарынын казыятынын төрагасы болуп иштеген.

1992- жылы август айында Кыргызстан мусулмандарынын биринчи курултайы чакырылып, диний башкарма түзүлүп, алгачкы муфтий болуп Кимсанбай Абдурахманов дайындалган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Муфтий

Комментарийлер

live comments feed...