• Башкы бет
  • Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы жана Кемпир-Абад боюнча макулдашууну жактырды
16:51, 2022-ж., 17-ноябрь

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы жана Кемпир-Абад боюнча макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы жана Кемпир-Абад боюнча макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-өзбек чек арасын тактоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча келишимди жактырды.

Чек араны тактоо боюнча макулдашууга 64 депутат макул, 19 депутат каршы добуш берди.

Ал эми Кемпир-Абад маселеси боюнча 65 макул, 18 каршы добуш берилди.

Андан мурда депутаттар Өзбекстан менен мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашууга үч окууда добуш беришкен.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Жыйынга президент Садыр Жапаров да катышты.

Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны тактоо боюнча маалымат берип, баяндама жасады. Ал жетишилген чек араны тактоо иштеринин жыйынтыгында Кыргызстандын пайдасына чечилген жерлер деп төмөнкүлөрдү атады:

§Биринчиси — Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын Сол жээк каналын курбаганы үчүн Кыргызстан Ала-Бука районундагы Гавасай участогунан 12 849 гектар алганы турат.

§Экинчиси — Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек аймагынан 105 гектар жер алынды. Анда Кыргызстандын жарандары жашаган айыл жана айдоо аянттары бар.

§Үчүнчүсү — Баястан участогу. Ал Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан. Картографиялык материалдардын негизинде 212 гектар жайыт жер Өзбекстандыкы болгон. Биз аны Кыргызстанга калтырып жазууга жетиштик.

§Төртүнчүсү — 35 гектар болгон Унгар-Тоо (Аксы району) участогу. Бул жерде бир нече уюлдук компаниялардын, мамлекеттик телеканалдардын антеналары жана радиорелей станциялары бар.

§Бешинчиси — Ак-Таш (Кара-Суу району) участогу. Ал Кара-Суу шаарын кеңейтүү жана саркынды сууларды тазалоочу жай куруу үчүн 100 гектар жер алууга жетиштик.

§Ошондой эле 2017-жылдын 5-сентябрындагы келишимдин негизинде Ала-Бука районунун Көк-Серек участогунда 25 гектар жер Өзбекстанга жазылып кеткен. Жергиликтүү элдин талабы менен ал жер кайра Кыргызстандын пайдасына жазылды. Андан тышкары Шарихан каналынын башталышындагы 19,5 гектар жердин ордуна Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылы чектешкен аймактан ушундай эле жер алынды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Кемпир-Абад # кыргыз-өзбек чек арасы

Комментарийлер

live comments feed...