• Башкы бет
  • Эки жылдан кийин: "Алай" клубу АФК кубогуна жолдомо алды
12:09, 2022-ж., 11-ноябрь

Эки жылдан кийин: "Алай" клубу АФК кубогуна жолдомо алды

Эки жылдан кийин: "Алай" клубу АФК кубогуна жолдомо алды

10-ноябрда Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда Оштун “Алай” клубу менен Бишкектин “Алга” клубунун беттеши өттү.

Жолугушуунун акыркы эсеби 1:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктады. Бул жолугушууда жалгыз голду "Алай" футболдук клубунун жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков киргизди.

Беттеш аяктагандан кийин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов чыгып, жалпы жыйынтыкка ар бир оюнчунун, машыктыруучулардын салымын белгилеп, куттуктады.

“Алай” ФК бүгүнкү оюндан кийин 50 упай топтоп, турнирдик таблицада 2-орунга чыгып жатат. Эми “Алай” 2023-жылкы АФК кубогунда Кыргызстандын намысын коргойт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...