• Башкы бет
  • Крымдын Керч аймагындагы көпүрөдө жарылуу болду
13:48, 2022-ж., 8-октябрь

Крымдын Керч аймагындагы көпүрөдө жарылуу болду

Крымдын Керч аймагындагы көпүрөдө жарылуу болду

Орусия аннексиялап алган Крымдын Керч аймагындагы көпүрөдө бүгүн 8-октябрда жарылуу болду. Баштапкы маалыматтарга караганда, адамдар жабыркаган жок.

Орусиянын президенти Владимир Путин Крым көпүрөсүндөгү бул окуяны «өзгөчө кырдаал» деп атап, өкмөттүк комиссия түзүүнү тапшырды.

"Крым темир жолу" ишканасы жүк ташыган поезддин арткы бөлүгүндө мунай куюлган цистерна күйгөнүн билдирди.

Орусиянын Улуттук антитеррордук комитети Крым көпүрөсүндө жүк ташуучу автомашина жардырылганын, натыйжада поезддеги мунай куюлган жети цистерна күйүп кеткенин маалымдады.

Крымдын Орусияга баш ийген парламентинин жетекчиси Владимир Константинов бул үчүн Украинаны айыптап, жабыркоо катуу эмес экенин жана ыкчам калыбына келтирилерин белгиледи.

Украинанын бийлиги азырынча комментарий бере элек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...