• Башкы бет
  • Ош шаарында бокс боюнча XI эл аралык турнир башталды
15:13, 2022-ж., 6-октябрь

Ош шаарында бокс боюнча XI эл аралык турнир башталды

Ош шаарында бокс боюнча XI эл аралык турнир башталды

5-октябрда Ош шаарында СССРдин спорт чеберлери, бир туугандар Абдували жана Нургазы Арзиевдердин жаркын элесине арналган бокс боюнча XI эл аралык турнир башталды. Турнирге Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Иран жана Кыргызстандан 150дөн ашык спортчу катышууда.

Мелдештин ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Дүйшөн Төрөкулов, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Спортчулар 13 салмак категориясы боюнча күч сынашат. Турнирдин жеңүүчүлөрү шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары жана баалуу белектери менен сыйланышат.

Турнир 9-октябрга чейин созулуп, жеңүүчүлөр спорттун чебери наамын алышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...