• Башкы бет
  • Украина: ондогон айыл-кыштак кайтарылды
15:06, 2022-ж., 5-октябрь

Украина: ондогон айыл-кыштак кайтарылды

Украина: ондогон айыл-кыштак кайтарылды

Украинанын куралдуу күчтөрү бир нече аймакта алдыга жылып жатат. Президент Владимир Зеленский шейшембинин кечиндеги кайрылуусунда армия өлкө түштүгүндө бир топ ийгиликке жетишкенин, ушул аптада "ондогон айыл-кыштак кайтарылганын" билдирди. Украин лидери бошотулган жерлердин сегизин атап, тизме мындан алда канча узун экенин кошумчалады.

Украин армиясынын командачылыгы маалымдагандай, Херсон облусунда калк жашаган бир нече аймак бошотулду, аскерлер Харьков жана Луганск облустарында да орус аскерлерин сүрүүдө. АКШнын Согушту изилдөө институтунун эксперттери дагы украин аскерлери алдыга жылып жатканын белгилешти.

Москва 4-октябрда көргөзгөн карталардан орус аскерлери Херсондун бир катар райондорунан, анын ичинде Днепр дарыясынын батыш жээгинен чегингенин баамдаса болот. Ал эми британ чалгынчылары Харьков облусунда украин жоокерлери ири аймакта позицияларын бекемдеп алганын билдиришти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...