• Башкы бет
  • Карылар күнүнө карата Ош мэриясы 200 миң сом акча бөлдү
17:16, 2022-ж., 1-октябрь

Карылар күнүнө карата Ош мэриясы 200 миң сом акча бөлдү

Карылар күнүнө карата Ош мэриясы 200 миң сом акча бөлдү

Ош шаарында 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата жарыяланган “Карыларга көңүл буруу жана камкордук” аттуу бир айлыктын алкагында карыяларга үйлөрүнө барып, белектер, азык-түлүк куржундары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. 

Бүгүн Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен “Боорукердик” үйүндөгү карыларга белектер жана тамак-аш себеттери берилди. Ошондой эле акчалай жардам көрсөтүлдү.

Мындан сырткары, Ош шаарынын вице-мэрлери, жетекчилер Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана тыл эмгекчилеринен кабар алып, аларга да акчалай сыйлыктарды тапшырышты. 

Жылына жергиликтүү бюджеттен карыларга 150 миң сом бөлүнсө, быйыл Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык 200 миң сом бөлүндү. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Ош шаарынын бардык аймагында карыларга арналган иш-чаралар өтүүдө. Учурда түштүк борбордо 22 миңге жакын улгайган жарандар каттоодо турат. 

Калаа башчынын буйругуна ылайык, шаардагы 70 мекеме-уюмдарга, МАБдарга 80 жаштан ашкан 100 улгайган адамдардын тизмеси берилген. Мекемелер аларга жардам жана колдоо көрсөтөт. 

Ал эми шаардагы ЖОЖдор менен колледждердин чыгармачыл жамааттары да “Боорукердик” үйүндө концерттик иш-чаралар уюштурулууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...