14:08
-ж., 29-февраль
Орусиянын президенти Владимир Путин 29-сентябрда орус күчтөрү басып алган Украинанын Херсон жана Зопорожье облустарын аннексиялоого жол ачкан, аталган аймактардын "мамлекеттик эгемендигин жана көз карандысыздыгын тааныган” жарлыкка кол койду, деп жазат "Азаттык" үналгысы.
Кремлдин сайтындагы маалыматка ылайык, жарлык жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 30-сентябрда Кремлде оккупцияланган Украинанын төрт облусун “Орусиянын курамына кошуу” тууралуу макулдашууга кол коюу аземи өтөрүн билдирди.
Ал күнү кол коюлган документти андан ары Конституциялык сот, Мамдума жана Федерациялык кеңеш жактырышы керек. Процедуралык отурумдар 4-октябрда аякташы мүмкүн.
Комментарийлер