14:08
-ж., 29-февраль
Ош шаарынын борбордук аянтында өз үйлөрүнө кайтууну каалаган Баткен облусунун тургундарын жөнөтүү иштери уланууда. Бул иштер Ош шаарынын мэриясы жана ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулууда.
Жолго чыгаар алдында жарандар комплекстүү түшкү тамак менен камсыз болушат. Белгилей кетсек, КР Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен облусунун 1000ден ашуун тургундарына күн сайын түшкү тамак берилүүдө.
Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тарабынан кичи автобустар уюштурулуп, күн сайын жарандар Баткенге жөнөтүлүп жатат.
Бүгүн, күндүн биринчи жарымында Ош шаарынан 4 кичи автобус менен 90го жакын жаран жөнөтүлдү.
Бул багыттагы иштер улантылат.
Комментарийлер