• Башкы бет
  • Ош облусу кышка камылга көрүү боюнча жумуштарды жандантты
13:40, 2022-ж., 29-сентябрь

Ош облусу кышка камылга көрүү боюнча жумуштарды жандантты

Ош облусу кышка камылга көрүү боюнча жумуштарды жандантты

28-сентябрь күнү 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча облустук штабдын жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн биринчи орун басары, райондук мамлекеттик администрация башчылары, Ош электр тармактар ишканасынын жетекчилиги жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү катышты, деп айтылат Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн Фейсбук баракчасында.

Маалыматка ылайык, жыйында Ош облусундагы кышка даярдык боюнча аткарылып жаткан жумуштар, медициналык жана билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы, электр тармагындагы аткарылуучу иштер жана пландар боюнча сүйлөшүштү.

"Ош облусунун башчысы тиешелүү кызматтардын кышка даярдык алкагында аткарып жаткан иштери тууралуу маалыматтарды угуп, 20-октябрга чейин Ош облусундагы медициналык жана билим берүү мекемелерин көмүр менен 100% камсыз кылуу, октябрь айынын аягына чейин электр тармагындагы жумуштарды аткаруу боюнча тапшырмаларды берди",-деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Ош облусунун аймагында арзан баада көмүр сатуучу социалдык көмүр базалар ачылары белгилүү болду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...