• Башкы бет
  • Баткен: Талкаланган 17 социалдык-маданий мекемелерге капиталдык ремонт талап кылынат
13:30, 2022-ж., 29-сентябрь

Баткен: Талкаланган 17 социалдык-маданий мекемелерге капиталдык ремонт талап кылынат

Баткен: Талкаланган 17 социалдык-маданий мекемелерге капиталдык ремонт талап кылынат

Баткенде чек арадагы соңку каргашада талкаланган социалдык-маданий мекемелердин 17сине капиталдык ремонт талап кылынары эсептелип чыкты. Бул тууралуу 29-сентябрда Баткендеги окуяга байланыштуу ачылган медиа штаб кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, дагы беш социалдык объект кайра башынан курулушу керек болот.

Оңдолуп, курула турган объектилердин долбоорлоо-каржылоо документтерин даярдоо үчүн бул күндөрү Баткенде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин адистери иштеп жатышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...