• Башкы бет
  • Нике курагын бузгандыгы үчүн милиция менен имамга айыбы угузулду
15:24, 2022-ж., 28-сентябрь

Нике курагын бузгандыгы үчүн милиция менен имамга айыбы угузулду

Нике курагын бузгандыгы үчүн милиция менен имамга айыбы угузулду

Милиция кызматкери менен имам нике курагын бузганы үчүн жоопко тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун 28 жаштагы тургуну милиция кызматкери болгонуна карабастан жашы жете элек кыз менен турмуш курган.

«Окуя 2021-жылдын 20-декабрында болгон. Анда 27 жаштагы тургун 16 жаштагы кызга баш кошкон. Алардын никесин Акман айыл өкмөтүнүн имамы И.Р. окуган», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча жашы жете элек кыздын ата-энесине жана нике окуган дин кызматкери И.Р.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (“Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу”) менен айыптары угузулган.

Мындан сырткары, аталган милиция кызматкери кызмат ордунан бошотулган.

Учурда, кылмыш иши кароо үчүн Сузак райондук сотуна жиберилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...