14:08
-ж., 29-февраль
26-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында үйлөрүнө кайтууну каалаган Баткен облусунун тургундары үчүн кичи автобустар уюштурулду.
Бул иштер Ош шаарынын мэриясы жана КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Мэриянын Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тарабынан 12 кичи автобус уюштурулуп, бүгүн алгачкы 278 адамды Баткен облусуна жеткирет. Буга чейин жалпысынан 700дөн ашык адам үйлөрүнө кайткан.
Белгиленгендей, бир катар тургундар үй-жайын иретке келтирип, алдыдагы кышка даярдык көрүү үчүн өз алдынча кайтып жатышат.
Комментарийлер