• Башкы бет
  • Ош шаардык кеңешинин сессиясында бир катар маселелер каралууда
15:10, 2022-ж., 27-сентябрь

Ош шаардык кеңешинин сессиясында бир катар маселелер каралууда

Ош шаардык кеңешинин сессиясында бир катар маселелер каралууда

Бүгүн, 27-сентябрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүүдө. Ага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, мэр Алмаз Мамбетов, жалпы 44 депутаттын 38и жана вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып жатат. Күн тартибине 20 маселе киргизилип, анын ичинен 19 маселе каралууда.

Алгач эл өкүлдөрү Ош шаарынын мэринин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угушту.

Отчетто белгиленгендей, бул жылдын январь-июнь айларында жергиликтүү бюджеттин аткарылышы 110 пайызга аткарылган. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2022-жылдын 6 айында 1 млрд. 551 миң сомдук план-тапшырма жеткирилген болсо, 1 млрд. 30 млн. 11 миң сом жыйналып, тапшырма 102,9 пайызга ишке ашкан. Өнөр жай ишканалары тарабынан январь-июнь айларында 2 млрд. 917,7 сомдук продукция өндүрүлгөн. Бул мезгилде шаар боюнча 656,1 млн. сомдук айыл чарба продукциясы алынган. Курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү өткөн жылга караганда 142,9 млн. сомго көбөйгөн.

Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Келечекке татыктуу шаар” Ош шаарынын 2022-2025-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына мониторинг жүргүзүлүп, анын алкагында бир катар иш-чаралар аткарылган.

Туризмди өнүктүрүү боюнча Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 6 млн. АКШ доллары бөлүнүп жатат. Ал каражатка Ак-Буура дарыясынын жээгин реконструкциялоо, А.Навои паркынын бир бөлүгүнө эс алуучу жай куруу, борбордук аянтка фонтан куруу, Ош улуттук драма театрынын айланасын оңдоо, Токтогул эс алуу багындагы жайкы театрды реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.

Санариптештирүү тармагына бюджеттен акча бөлүнүп, санариптик маалыматты талдоо жана сактоо борбору ачылды. Бүгүнкү күндө “E-kyzmat” системасына мэрияга караган 29 ишкана кошулду.

Азыркы күнгө карата узундугу 26,5 чакырымга жакын аралыктагы тротуарларды оңдоп-түзөө иштери (Абакир уулу Төрөбек көчөсү, У.Салиева тар көчөсү, Амир-Темир к/р 177 көчө, А.Масалиев проспектиси, Ленин көчөсү, Краснофлотская көчөсү, Байтемирова көчөсү, Урицкая көчөсү, Курманжан-Датка көчөсү, Баялинов көчөсү, Моминова көчөсү, Толонов көчөсү, А.Аматов көчөсү, Заднепровская көчөсү, Осмонов көчөсү) жүргүзүлүүдө.

Курулуш тармагында мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык мекемелер курулуп жатат. Бул иштерге жергиликтүү, республикалык бюджеттен акча жумшалууда.

Шаардык чарба жана транспорт тармагында калаа тургундарын таза суу менен камсыздоо максатында суу алуучу тосмону жылдыруу жана 2,4 км. суу түтүктөрүн куруу каралып жатат. Ал иштерге АБРдин гранттык эсебинен 3,0 млн. АКШ доллары бөлүнүп, үстүбүздөгү жылдын 12-августунда курулуш иштерине тендер жарыяланып, 19-сентябрда ачылып, учурда 1-этабы (квалификациялык талаптары) каралууда.

Шаардын коомдук транспортуна спутниктик мониторинг кызматын киргизүү жана маршруттардын кыймылын онлайн түрүндө мобилдик тиркеме аркылуу билип туруу максатында “GPS” навигаторлор орнотулду.

Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунан “СамАвто” автозаводунун өндүрүшүндөгү ISUZU SAZ HC40 үлгүсүндөгү 50 даана коомдук автобустар насыя катары 5 жыл мөөнөткө 1 млн. 850,0 миң АКШ долларына сатылып алынып, бул автобустар толугу менен Ош шаарына алынып келинди.

Андан сырткары отчетто башка багыттар да камтылды. Отчет менен кошо ар түрдүү маселелер каралды. Анда эл өкүлдөрү курулуш тармагы, бала бакчаларды жергиликтүү баланска кайтаруу, коопсуз шаар, суу, коомдук транспорттордун жетишсиздиги, тротуарлардын сапаты, мыйзамсыз жерлер менен күрөшүү, жол тыгыны, сейил бактарынын абалы, билим берүүнүн сапаты өңдүү маселелер боюнча вице-мэрлерге, жетекчилерге суроолорду беришип, сунуштарын айтышты.

Мэрдин отчету менен ар түрдүү маселелерди камтыган биринчи маселе боюнча 38 депутаттын добушу менен токтом долбоору кабыл алынды.

Шаардык кеңештин сессиясында калган маселелерди кароо улантылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...