• Башкы бет
  • Украинанын айрым аймактарында Орусияга кошулуу боюнча референдумдун акыркы күнү өтүп жатат
14:42, 2022-ж., 27-сентябрь

Украинанын айрым аймактарында Орусияга кошулуу боюнча референдумдун акыркы күнү өтүп жатат

Украинанын айрым аймактарында Орусияга кошулуу боюнча референдумдун акыркы күнү өтүп жатат

Украинанын Москва жарым-жартылай көзөмөлдөгөн аймактарында Орусияга кошулуу боюнча эл аралык коомчулук тааныбаган референдумдун акыркы күнү өтүп жатат.

Киев жана Батыш мамлекеттери добуш берүүнү мыйзамсыз деп айыптап, ал Улуттар Уюмунун уставына каршы келерин билдиришкен.

Украина дал ушул референдумга байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүгө чакырды.

Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва көзөмөлдөгөн администрациялары уюштурган мыйзамсыз добуш берүү 23-сентябрда башталган.

Украинанын расмий бийлиги аталган аймактарда адамдарды мажбурлап добуш бердиртип, коркутуп, үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, добуш берүү аяктаганча башка аймактарга чыгууга тыюу салып жатышканын билдирүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...