• Башкы бет
  • Баткен: кырдаал салыштырмалуу туруктуу
16:04, 2022-ж., 24-сентябрь

Баткен: кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Баткен: кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Баткенде кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин облустук администрация 24-сентябрда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, түн тынч өттү.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Баткендин чек арадагы каргашада үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон тургундарынын айрымдары үйлөрүнө кайта башташканын 23-сентябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирип, аларды этият болууга чакырган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...