• Башкы бет
  • Баткен: жарылбай калган 78 снаряд табылды
15:17, 2022-ж., 22-сентябрь

Баткен: жарылбай калган 78 снаряд табылды

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-17-сентябрь күндөрү куралдуу кагылышууда Баткен облусунда талкаланып, өрттөлгөн турак-үйлөр жана социалдык мекемелердин санын тактоону улантууда, деп жазат "Т-Медиа".

Министрликке караштуу Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Рысбек Жолдошбаевдин айтымында, алдын ала эсеп боюнча 432 турак-үй, 285 мал сарай, алты мектеп жана бала бакча, эки фельдшердик жана акушердик пункт, тогуз административдик имарат, 171 жарандардын турмуш-тиричилигин камсыздоочу жайлар (соода борбор, дүкөн, мончо, унаа оңдоочу жай ж.б.) жана 26 унаа талкаланып, тонолуп, өрттөлгөн.

Баткен жана Лейлек райондорунда урандыга айланган үйлөрдү тазалоо иштери эртең, 23-сентябрда башталат. Кечээ жарылбай калып кеткен жарылуучу заттарды зыянсыздандыруу иштеринде 78 снаряд табылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...