• Башкы бет
  • Эрбол Султанбаев: Жаңы учак сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр аяктай элек
15:13, 2022-ж., 22-сентябрь

Эрбол Султанбаев: Жаңы учак сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр аяктай элек

Эрбол Султанбаев: Жаңы учак сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр аяктай элек

Кыргызстан өлкө жетекчилигинин чет элдик сапарлары үчүн жаңы учак сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрүн аяктай электигин 22-сентябрда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди, деп жазат "Т-Медиа".

Анын айтымында, Bombardier Global Express XRS учагын лизингге сатып алууга байланыштуу акыркы чечим кабыл алына элек.

Султанбаев Кыргызстан чет элдик сапарлар үчүн жаңы учак сатып аларын быйыл жыл башында билдирген болчу. Айтымында, 20-сентябрда президент Садыр Жапаров АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, тесттик режимде барып келди, кыргыз тарап күйүүчү майын гана камсыздап берди.

«Эгер кыргыз тарапты бардыгы канааттандырса, анда бул учакты лизингге сатып алуу тууралуу макулдашылган. Учак «№1 борт» катары чет өлкөлүк сапарларга чакан делегация менен чыгууга пайдаланылат. Бул учактын чыгымдары учурда колдонулуп жаткан ТУ-154кө караганда өтө аз, үнөмдүү келет. Анын үстүнө ТУ-154 күйүүчү майды көп сарптаганы аз келгенсип, эскилигинен улам Европага, Америкага жете албайт. Учууга жарамдуулук мөөнөтү да аяктаган», — деди Султанбаев.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...