• Башкы бет
  • Баткендеги чек ара жаңжалынын кесепетинен улам 282 объект талкаланды
13:50, 2022-ж., 19-сентябрь

Баткендеги чек ара жаңжалынын кесепетинен улам 282 объект талкаланды

Баткендеги чек ара жаңжалынын кесепетинен улам 282 объект талкаланды

Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы, соңку куралдуу кол салуудан талкаланган аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров билдирди, деп жазат "Азаттык" радиосу.

Анын айтымында, учурда комиссия ишин баштап, жаңжалда келтирилген чыгымды эсептеп жатат.

"Алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланган. Анын ичинде социалдык объекттер, аскердик казармалар, жеке турак-жайлар бар. Учурда баары такталып жатат. Бул объекттердин баары кышка чейин калыбына келтирилет. Аскерлер казармаларга, жарандарыбыз жаңы үйлөргө киргизилет. Эң зарыл болгон объекттерди 40 күндүн ичинде калыбына келтиргенге максат кылып жатабыз",-деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы комиссия куралдуу кол салуу учурунда каза болгон аскерлер жана жайкын тургундарга материалдык жардам көрсөтүү ишин да уюштуруп жатканын кошумчалады. Анын көлөмү кийинчерээк белгилүү болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...