• Башкы бет
  • Кара-Сууда төлөм терминалын уурдоого шектелип эки жаран кармалды
15:51, 2022-ж., 12-сентябрь

Кара-Сууда төлөм терминалын уурдоого шектелип эки жаран кармалды

Кара-Сууда төлөм терминалын уурдоого шектелип эки жаран кармалды

Кара-Суу районунда терминал уурдоого шектелип 2 жаран кармалды.

Ош облустук милициясынан билдиришкендей, Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районунун  тургуну 65 жаштагы Ю. М. арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат болжол менен 02:30 чамасында Нариман айылындагы жайгашкан дүкөндөрдүн биринде (Нур-телеком) төлөм терминалын белгисиз жарандар уурдап кетишкенин жазган.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза Кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) кылмыш белгилери менен иш козголгон. 

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 24 жана 27 жаштагы эки жаран кармалган.  

Шектүү катары кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка кылмыштарга катышы бар же жоктугу такталууда. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...