• Башкы бет
  • Кадамжайда каза болгон кыздын өлүмүнө байланыштуу төртүнчү шектүү кармалды
14:42, 2022-ж., 10-сентябрь

Кадамжайда каза болгон кыздын өлүмүнө байланыштуу төртүнчү шектүү кармалды

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Кадамжай районундагы 14 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу дагы бир шектүү кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 8-сентябрда Кадамжай районунун жашы жете элек жашоочусу адвокаттын жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен ал өзгөчө оор кылмыш жасоого шек саналып кармалып, 9-сентябрда райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Буга чейин 5-сентябрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгы киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын сөөгү табылганын билдирген. Иликтөөнүн алкагында милиция үч шектүүнү кармаган. Алар: Кадамжай районунун 1995, 1997 жана 1998-жылкы тургундары.

Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...