• Башкы бет
  • Жалал-Абад: асынып алган келин тил кат калтырган
15:26, 2022-ж., 3-сентябрь

Жалал-Абад: асынып алган келин тил кат калтырган

Жалал-Абад: асынып алган келин тил кат калтырган

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук милициясы өз жанын кыйды делген келиндин окуясынын чоо-жайы тууралуу маалымат таратты.

Окуя 2022-жылдын 23-июлунда аталган райондун Кара-Ой айылында болгон. Анда 1993-жылы туулган келиндин өзү жашаган үйүндө асынып алганы аныкталып, окуя болгон жерден тилкат табылган.

Замирбек кызы Айнуска аттуу келин өлөр алдында “Ким жаман жүрсө, башканы да ошондой ойлойт. Чыныгы дагир (аягы суюк-ред.) келин алып өлгүчө ар кимдин астынан таап келип жашатып кал”, - деп жашыл түстөгү сыя менен жазган.

Аталган окуя боюнча аныкталган жаңы жагдайлардын негизинде 22-август күнү Базар-Коргон РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") негизинде кылмыш иши козголду. Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү болгон бардык экспертизанын түрлөрү дайындалып, текшерүү жүрүп жатат.

Жабырлануучунун укугун коргогон жактоочунун катышуусунда иштин жүрүшүндөгү бардык тергөө амалдары тааныштырылган.

"Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин аталган окуя боюнча толук тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат", - деп жазылган маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...