• Башкы бет
  • Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата уюштурлган футбол мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды
15:12, 2022-ж., 29-август

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата уюштурлган футбол мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата уюштурлган футбол мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарындагы А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо КРнын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кубок үчүн футбол боюнча мелдеш өттү. Турнирдин жыйынтыгында 1-орунду “Алай” ФК жетекчилигинин командасы, 2-орунду Ош шаарынын мэриясынын командасы, 3-орунду “Каганат” футболдук клубунун жетекчилигинин командасы ээледи.

Сыйлыктарды тапшыруу аземинин алкагында Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев бул турнир футболду жана сергек жашоону жайылтууга көмөктөшө турганын белгилеп, турнирди жыл сайын өткөрүүгө болоорун айтты.

Турнирдин бардык катышуучулары дипломдор менен сыйланышты, ал эми жеңүүчү командага тиешелүү кубок тапшырылды.

Турнир Ош шаарынын жана Ош облусунун футбол ассоциациясы тарабынан уюштурулган. Ага “Алай”, “Каганат” ФК жетекчилигинен, Ош шаарынын мэриясынан жана журналисттерден түзүлгөн 4 команда катышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...