14:08
-ж., 29-февраль
Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы Түркиянын Изник шаарындагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюдарына улак тартуу мелдешине эки команда барарын билдирди. Ага ылайык, кыргызстандык улакчылар көкбөрү менен көкпардан (жер улак) өз-өзүнчө таймашат. Учурда спортчулар Чолпон-Ата шаарында машыгып жатат.
Маалыматка ылайык, көкбөрүчүлөр кочкул кызыл, ал эми көкпарчылар көк форма кийишет.
Көкпар улак тартуу оюнунун тайказаны жок түрү жана негизинен Казакстанда ойнолуп келген.
Буга чейин тайказанга байланыштуу бир нече жолу талаш-талкуу чыккан жана кыргызстандык улакчылар тайказансыз оюндарга катышуудан баш тарткан учурлар болгон.
Комментарийлер