• Башкы бет
  • ЖАМК: Оштогу абакта каза болгон адамдын жүрөгү токтоп калган
14:53, 2022-ж., 26-август

ЖАМК: Оштогу абакта каза болгон адамдын жүрөгү токтоп калган

Сүрөт ЖАМКтыкы

Сүрөт ЖАМКтыкы

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Ошто тергөө абагында камакта отурган адамдын өлүмүнө байланыштуу маалымат берди. Бул тууралуу Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатаровага шилтеме берүү «Т-Медиа» басылмасы жазды. Маалыматка караганда, окуя 24-августта болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү башталды.

Сабатарованын маалыматына боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмышка шектелип кармалган Кара-Суу районунун 33 жаштагы тургуну Ош милициясынын убактылуу кармоочу жайынан 22-августта СИЗОго которулуп барган.

«24-августта саат 16:30дар чамасында камерада отургандар эшикти каккылап медицина кызматкерлерин чакырууну суранышкан. Алар жанында отурган адам эс-учун жоготконун билдиришкен. Ыкчам келген кызматкерлер камеранын ичинен З.М.С.ны эс-учун жоготкон абалда табышкан. Ал 22-август күнү убактылуу кармоочу жайдан которулуп келген экен. Негизи ал кабыл алуудан өтүп жатканда жүрөк оорусуна даттанган. Ошондой эле анын эки бутунун сандарында көк ала болгон. Тез жардам кызматкерлери келип, айыпталуучу каза болгонун тастыкташкан», -дейт ал.

Алдын ала маалыматка караганда, шектүүнүн жүрөгү кармап каза болгон. 25-августта маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул факты боюнча иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...