• Башкы бет
  • Орусиядагы кырсыкта каза болгондордун тизмеси жарыяланды
14:04, -ж., 23-август

Орусиядагы кырсыкта каза болгондордун тизмеси жарыяланды

Орусиядагы кырсыкта каза болгондордун тизмеси жарыяланды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиянын Ульяновск облусундагы катуу жол кырсыгында каза болгондордун аты-жөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып жарыялады.

Каза болгон кыргызстандыктардын эң жашы 22, улуусу 63 жашта.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев башында турган атайын топ 23-август күнү Ош шаарынан эртең менен саат 9-10до учат. Куткаруучулардан турган атайын топ Ульяновск убактысы боюнча саат 10:40та аталган шаардын аэропортуна конот. Саат 12:10до мекендештердин сөөгүн алып, Ульяновскиден Кыргызстанга учуп чыгат.

Ал эми Кыргызстандын убактысы боюнча саат 17:40 чамасында каза болгон жарандардын сөөгүн Ош шаарынын аэропортуна алынып келинмекчи.

Ошондой эле ал жактан мекендештерибиздин сөөктөрүн кичи мекенине чейин жеткирүү милдети да Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн.

Ош облусу:

1. Абдулхамид уулу Жакыпбек – 20.08.1990, Араван району, Гүлбаар айылы.
2 Бекмурзаева Диана Акылбековна — 04.09.1998, Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.
3. Кутманали уулу Сыймыкбек — 22.07.1999, Араван райыону, Гүлбаар айылы.
4. Сулайманова Уулкан Хакимовна — 15.10.1976, Кара-Суу району, Кенжекул айылы.

Жалал-Абад облусу:

1. Жуманалиев Шекербек Аманалиевич — 24.04.2000, Аксы району, Үч-Коргон айылы.
2 Мусабаева Элнура Турганбаевна — 01.11.1980, Жалал-Абад шаары.
3. Ормонбек кызы Алина — 22.01.1995, Таш-Көмүр шаары.
4. Турсуналы уулу Адилет — 05.10.1999, Аксы району, Үч-Коргон айылы.
5. Каныбек уулу Азиз — 13.01.1976, Сузак району, Жыгач-Коргон айылы.

Баткен облусу:

1. Абдуллаева Ойгул Гани кызы — 29.03.1991, Кадамжай району, Марказ айылы.
2 Акылбек уулу Майрамбек — 27.12.1997, Кадамжай шаары.
3. Кожомбаев Каныбек Мухамадзакирович — 12.10.1986, Кадамжай району, Марказ айылы.
4. Осмонова Айтгул Момуновна — 10.05.1959, Баткен шаары.
5. Арыстанбек уулу Нуртилек — 24.10.1996, Баткен району, Табылгы айылы.

Ооруканада жаткандар:

1. Алибаева Айгул — 23.04.1981, Баткен шаары.
2. Бекназар уулу Сыймык — 18.06.2001, Баткен району, Согмент
3. Абдусалим уулу Таалайбек — 13.11.1993, Ош облусу., Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ооруканадагы үч жарандын экөө жалпы палатага которулганын, бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатканын кабарлады.

21-августта Ульяновсктогу ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган. Дагы үч адам ооруканага жеткирилген.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу 22-августта кайрылуу жасап, 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаганын билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...