• Башкы бет
  • Ислам тилектештиги оюндары жыйынтыкталды. Кыргызстан медалдардын саны боюнча 9-орунду ээледи
13:47, 2022-ж., 19-август

Ислам тилектештиги оюндары жыйынтыкталды. Кыргызстан медалдардын саны боюнча 9-орунду ээледи

Ислам тилектештиги оюндары жыйынтыкталды. Кыргызстан медалдардын саны боюнча 9-орунду ээледи

Түркиянын Конья шаарында V Ислам шериктештиги оюндары жыйынтыкталып, Кыргызстан медалдардын саны боюнча 9-орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ислам оюндарынын жабылуу аземи кечээ, 18-августта өткөн. Анда Кыргызстандын желегин мелдеште кикбокс боюнча күмүш медалды уткан Адилет Улан уулу көтөрүп чыкты.

Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 54 өлкөдөн 4200 спортчу катышкан. Кыргызстан спорттун 16 түрүндө беттешип 31 медаль утту. Анын 8и алтын, 8и күмүш жана 15и коло медаль. Тизмеде медалдардын саны боюнча 9-орунду ээледи. Алдыңкы үчтүктө Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.

Мелдеште Ынтымак Мурадил уулу салттуу жаа атуу спортчу боюнча Кыргызстанга 9-алтынды уткан. Бирок бул оюн улуттук спорттун түрү болгондуктан жалпы медалдык эсепке киргизилген жок.

Ислам шериктештиги оюндары быйыл бешинчи жолу уюштурулуп, Түркиянын Конья шаарында 5-август күнү башталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...