13:45, 2022-ж., 19-август
Шашылыш кабар! Абанын теспературасы кескин төмөндөп, айрым аймактарда кар жаайт
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу шашылыш кабар таратты. Ага ылайык, 20-22-август күндөрү абанын табы төмөндөп, айрым аймактарда кар жаашы ыктымалдыгы айтылат.
"Чүйдө түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25, Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29, тоо этектеринде түнкүсүн 7...12⁰, күндүз 21...26, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2⁰, күндүз 12...17⁰, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23⁰, Нарындын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2...7, күндүз 19...24, тоолуу райондордо түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15, бийик тоолордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8 градуска чейин төмөндөйт. Чүй менен Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал", деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында тиешелүү орган-мекемелерге, жергиликтүү бийлик башчыларына жана жарандарга маалымат таратылганын кошумчалады.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:08
-ж., 29-февраль
14:04
-ж., 29-февраль
14:02
-ж., 29-февраль
14:01
-ж., 29-февраль
13:59
-ж., 29-февраль
13:55
-ж., 29-февраль
13:52
-ж., 29-февраль
13:49
-ж., 29-февраль
live comments feed...
Комментарийлер