• Башкы бет
  • Каза болгон аскер кызматкеринин сөөгү туулган айылына жөнөтүлдү
13:40, -ж., 19-август

Каза болгон аскер кызматкеринин сөөгү туулган айылына жөнөтүлдү

Каза болгон аскер кызматкеринин сөөгү туулган айылына жөнөтүлдү

Аскер институтутун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүрүп октон каза болгон Сыргак Сабырбековдун сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин Ысык-Көлгө, туулган айылына жөнөтүлдү. Анын бир тууганынын "Азаттыкка" билдиришинче, ок чекесине тийген.

Сабырбеков былтыр күзүндө Каракол шаардык аскер комиссариаты аркылуу армияга чакырылган.

Коргоо министрлиги Сабырбеков 18-августта кечинде күзөттө турганда куралы атылып кетип, алган жараатынан ошол жерде жан бергенин билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...