13:37, 2022-ж., 19-август

Жалал-Абадда парк ачылды

Жалал-Абадда парк ачылды

18-августта Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда Т. Байзаков атындагы эс алуу паркы ачылды. Парктын ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты. Анда сүрөт көргөзмөсү, гүлдөр жармаңкеси өтүп, келген коноктор көчөт тигишти.

Эс алуу жайы 8 гектардан ашык аянтты ээлейт. Анда оргумалар, веложол, балдар ойноочу аянт, спорттук жана маданий иш-чаралар өтүүчү жайлар камтылган.

Мындан сырткары парктын жаныдагы Победа көчөсүнө асфальт төшөлүп, 100дөн ашуун унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жай, велосипед коюучу орундар түзүлгөн. Парктын курулушуна шаардык бюджеттен 40 млн. сомдон ашык каражат жумшалган.

Парк реконструкция болгонго чейин "Нооруз" паркы деп аталып, көп жылдар бою каралбай калган. Паркты кайрадан курууда ал жердеги уруксаты жок салынган жети тосмо жана сегиз имарат буздурулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...