16:36
-ж., 23-сентябрь
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорун тандоо сынагынын алкагында өткөрүлгөн Чүй менен Талас облустарындагы компьтердик тестирлөөнүн жыйынтыгын жарыялады.
Ага ылайык, Чүйдө сынакка 182 талапкер катышып, керектүү баллды 69у (38%) топтоду. Таласта 73 талапкердин арасынан компьютердик тестирлөөнү 24ү (32%) ийгиликтүү тапшырды.
Аталган министрлик , Чүйдө 44, ал эми Таласта 146 бош орун бар экенин билдирген.
Буга чейин комьютердик тестирлөө Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында өткөн.
Комментарийлер