• Башкы бет
  • ТИМ кыргызстандыктар Орусияда 3 айлык каттоого турушу керектиги тууралуу маалыматты төгүндөдү
16:02, 2022-ж., 16-август

ТИМ кыргызстандыктар Орусияда 3 айлык каттоого турушу керектиги тууралуу маалыматты төгүндөдү

ТИМ кыргызстандыктар Орусияда 3 айлык каттоого турушу керектиги тууралуу маалыматты төгүндөдү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы кыргызстандык мигранттар үч айлык миграциялык каттоого турушу керектиги тууралуу маалыматтарды жокко чыгарды.

Анда "социалдык түйүндөрдө Орусияда үч айга миграциялык каттоого туруу талабы бар мыйзам кабыл алынганы, анын негизинде Кыргызстандын жарандары 3-сентябрга чейин "кирди-чыкты" жол-жобосун кылышы керектиги тууралуу маалымат тарап жатат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул чындыкка дал келбесин билдирет" деп жазылган.

ТИМ кыргызстандыктар Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) өлкөнүн жараны катары Орусияга кирген убактан тартып 30 күндүн ичинде жашаган жеринде эмгек келишимдин негизинде бир жылдык мөөнөткө миграциялык каттоого тура аларын кошумчалады. Мындан улам "кирди-чыкты" жол-жобосун жүргүзүүгө негиз жок экенин белгиледи.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...