
15:11, 2022-ж., 15-август
Ислам тилектештиги оюндарында алтын медаль уткан спортчулар кайта баштады

Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен бирге Кыргызстанга кайтып келди. Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилиги салтанаттуу түрдө тосуп алып, куттуктады.
Ислам шериктештиги оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча беттеште бул үч спортчу тең бет келген атаңдаштарын ат чабым алыс калтырып, биринчиликти багындырышты.
V Ислам шериктештиги оюндары 9-августта расмий ачылды. Бул оюндарда Кыргызстандын эсебинде алты алтын, алты күмүш жана беш коло байге бар.
Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңге жакын катышуучу спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу спорттун 16 түрүнөн таймашат. Мелдештер 18-августка чейин уланат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер