• Башкы бет
  • Армения: Жарылуудан улам каза болгондордун саны алтыга жетти
14:58, 2022-ж., 15-август

Армения: Жарылуудан улам каза болгондордун саны алтыга жетти

Армения: Жарылуудан улам каза болгондордун саны алтыга жетти

Армениянын борбору Ереван шаарындагы "Сурмалу" соода борборундагы жарылуудан каза болгондор кеминде алты адамга жетти, дагы 16 адам дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Гари Армаганян журналисттерге билдирди.

Окуя 14-августта борбордун пиротехникалык кампасында болду. Баштапкы маалыматтарга ылайык, эки күчтүү жарылуудан кийин өрт чыккан. Алгач бийлик бир адам өлүп, 30дай адам жабыр тартканын маалымдаган. Урандылардын астында дагы деле адамдар болушу мүмкүндүгү айтылган.

Өрттү өчүрүү иштери жана куткаруу иштери 15-августта да уланды. Адистер өрт толук чектеле электигин маалымдашты.

"Сурмалу" базары шаардын борборунан 2 чакырымдай аралыкта жайгашкан. Андагы кырсык тартылган видеолору интернетте тарап жатат. Тасмада көрүнүп тургандай, кара түтүн базардын үстүн толук каптап калган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...